Дүйнө кубогу: Кыргызстандык самбочулар 7 медаль утту

Дүйнө кубогу: Кыргызстандык самбочулар 7 медаль утту

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө кубогунун биринчи күнүндө кыргызстандык спортчулар 7 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, кыргызчтандык самболчулар 1 алтын, 1 күмүш жана 5 коло байге тагынган.

Спорттук самбо боюнча +98 кг салмакта Бекболот Токтогонов алтын медаль, күжүрмөн самбо боюнча 65 кг салмакта Мираида Медетбек кызы күмүш медаль утту.

Ошондой эле, Кайрат Жусуп уулу (58 кг), Темирлан Уланбек уулу (58 кг), Фарух Мамажанов (88 кг), Артур Сансызбеков (98 кг) менен Сыймык Жапаров (+98 кг) коло байге тагынган.

Мелдештин алгачкы күнүндө спорттук самбо боюнча эркектер арасында (58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг) жана күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында (59 кг, 65 кг, 72 кг) таймаштар өткөн.

22-августта башталган мелдеш бүгүн, 23-августта жыйынтыкталат.

Ысык-Көлдө самбо боюнча дүйнө кубогу башталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>