Ысык-Көлдө самбо боюнча дүйнө кубогу башталды

Ысык-Көлдө самбо боюнча дүйнө кубогу башталды

Бүгүн, 22-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча дүйнө кубогу башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 22-23-август күндөрү «Газпром-балдарга» спорт комплексинде өтөт. Таймаштар эркектер жана кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча болот.

Дүйнө кубогуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, ФИАС 1 (Россия), ФИАС 2 (Беларус) жана Израилдин спортчулары катышууда.

Кармаштар өтө турган салмак категориялары:

Эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;

Кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;

Эркектер (күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;

Кыз-келиндер (күжүрмөн самбо): 59, 65, 72 кг.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда биринчи жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>