Жаан, кар жаайт. Кыргызстанда 4-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы

Жаан, кар жаайт. Кыргызстанда 4-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандын аймагында 4-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

31-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-3-апрелдерде жана 4-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-апрелде күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 31-мартта жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

1-4-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусу

30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

31-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктмал. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-3-апрелдерде жаан-чачын күтүлөйт.

4-апрелде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусу

30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

31-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

1-апрелде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

3-4-апрелдерде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

31-мартта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

1-2-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

3-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаашы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

4-апрелде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусу

30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

31-мартта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

1-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

2-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-4-апрелдерде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

30-мартта түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

31-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-4-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

30-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

31-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-апрелде жаан-чачын күтүлөйт. 2-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

3-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 4-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>