Санкт-Петербург: базардагы рейд учурунда 50дөй мигрант кармалды

Санкт-Петербург: базардагы рейд учурунда 50дөй мигрант кармалды

Полиция Санкт-Петербургдагы базарларда рейд жүргүзүп, миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 49 чет элдикти кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, рейд учурунда жалпысынан 350 мигранттын документтери текшерилген. Алардын 49у полиция бөлүмүнө жеткирилип, Орусиянын аймагына кирүү жана өлкөдө жүрүү эрежелерин бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылган.

Мындан сырткары жол эрежелеринин сакталышы боюнча чет элдиктердин 242 машинасы текшерилип, алтоо администрациялык жоопкерчиликк тартылды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мигранттарга карата рейд 11-июнда Борбор Азиядан келген 20 жаштагы эки киши коңшу өлкөнүн 26 жаштагы жаранын уурдап, сабап, телефонун жана жеке буюмдарын алып, банк картасынан 55 миң рублин алып алгандан кийин жүргөн. Каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалганы кабарланды.

Полиция кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн деген жүйө менен мигранттар жашаган жерлерди такай текшерип турат.

Би-Би-Синин орус кызматы буга чейин «Крокус Сити Холлдогу» теракттан кийин чет өлкөлүк жарандардын Орусияга кирүү эрежелерин бузган учурлары көбөйгөнүнө (Административдик кодекстин 18.8-беренеси) көңүл бурган. Мигранттардын укугун коргогон юрист полиция мигранттардын паспортун текшерүүнү күчөткөнүн билдирген. «Полиция көчөдөгү дээрлик бардык мигранттарды текшерет. Айрыкча тажик паспорту болгондордун бардыгын полиция бөлүмүнө алып барып текшерип, алардын жарымын кое беришет», — деген ал.

Москвадагы 22-марттагы концерттик залда куралдуу кол салууга жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» радикал тобу өз моюнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу ондон ашык шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши «терактты түздөн-түз ишке ашырууга» байланыштуу айып тагылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: миграция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>