Депутат Токторбаев мал-жандыкка салык киргизүү сунушун түшүндүрдү

Депутат Токторбаев мал-жандыкка салык киргизүү сунушун түшүндүрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мал-жандыкка салык киргизүү боюнча сунушу тууралуу кененирээк түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында элдин талкуусуна айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгаруу боюнча бир катар сунуштарды алып чыккан. Анын ичинде эл арасында өзгөчө талкуу жаратканы мал-жандыкка салык киргизүү боюнча сунушу болду.

“Мамлекетибиз тоолуу өрөөндө жайгашкан агрардык мамлекет болуп эсептелет. Ата-бабаларыбыздан бери мал-жандык кармап, баарыбыз мал багып чоңойгонбуз. Бүгүнкү күнү республиканын аймагында 1 000 – 2 000 кой, 100дөгөн жылкы жана уйлары бар бай адамдар көп. Мен салыкты аталган мал-жандыгы көп, бай адамдарга киргизүүнү сунуштагам (Эгер 1 койго 1 жылда 100 сом салык болсо аны 12 айга бөлгөндө, айына 8 сом 33 тыйындан айланат).

1 000 — 2 000 миң кою бар бай адамдар 1 тыйын салык төлөшпөйт. Жайытта байлардын малынын көптүгүнөн улам мурункудай жапжашыл болуп, бийик өсүп турган чөп азыр жок. Жайыттар такыр болуп, жылдан жылга чөптүн түрү дагы азайып жатат.

Карапайым 40-50 кой, 5 уй, 5 жылкысы бар жарандарга бул салык жайылтылбайт. Алар мурдагыдай эле жайыт акысын төлөй беришет”, — дейт Жеңишбек Токторбаев.

Ал белгилегендей, бул маселе эртеби-кечпи көтөрүлмөк.

“Бул маселени буга чейин эч ким көтөргүсү келген эмес, анткени элге, шайлоочуларына жаман көрүнүүдөн коркушкан. Эгер бул салыкты эл колдосо, жер салыгынан жана байлардын мал-жандыктарынын салыгынан айыл өкмөттүн бюджетине көбүрөөк каражат түшүп, ошол айыл өкмөттөгү дыйкандарды колдоого, жерди азыктандырууга, мектептерди, бала бакчаларды, жолдорду курууга, суу чыгарууга, айыл өкмөттөрүн жарыктандырууга жумшалып, айылдагы элдин жашоо турмушунун мындан дагы өйдөлөшүнө шарт түзөт”,  — деди депутат.

Биздин Телеграм каналга катталдыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>