ИИМ: Санрабия Сатыбалдиева акча опузалоого шектелип кармалды

ИИМ: Санрабия Сатыбалдиева акча опузалоого шектелип кармалды

Журналист Санрабия Сатыбалдиева пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын 2016-2017-жылдардын аудио жазууларын жарыялоо менен шантаж кылып, системалуу түрдө опузалап акча талап кылган бир катар адамдар 2 миң доллар пара менен кармалышты.

«МИР24.kg» маалымат порталынын башкы жетекчиси жана ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери С.С. кылмыштын негизги аткаруучусу болуп саналат. Ошондой эле, бул кылмышка көмөктөшкөндүктөрү үчүн шектелип «МИР24.kg» маалыматтык порталдын оператору К.Б.у. жана «Жорго-Такси» компаниясынын айдоочусу Өзбекстандын М.М. аттуу жараны кармалышты», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Кылмыш жаза-кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМден белгилешкендей, кармалган жарандар бул кылмышты жасагандыгын мойнуна алып, өз көрсөтмөлөрүн беришкен.

Эскерте кетсек, укук коргоочу Азиза Абдирасулова 4-ноябрга караган түнү журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалганын билдирген. Анын айтымында, журналисттин боюнда бар болгондуктан, аны ооруканага алып барышкан. Дарыгердин «боюнан түшүп калуу коркунучу бар» деген тыянагына карабай, журналист камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>