Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Бишкектин Аалы Токомбаев проспектисиндеги жөө адамдар өтүүчү жол жарыктандырылды
02.10.2026 | 14:18

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Аалы Токомбаев проспектисинин боюндагы жөө адамдар өтүүчү жол жарыктандырылды. Шаар мэриясынын маалыматында, иштерди «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы аткарган.
Жумуштар Сухэ-Батор көчөсүнөн 12-кичи районго чейинки аралыкта жүргүзүлгөн. Аталган тилкеге 75 жарыктандыруу мамысы жана светодиоддук чырактар орнотулган.
Жарыктандыруу караңгы мезгилде жөө адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында коюлган.
Мэрия шаардын көчөлөрүн жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймактарды тышкы жарык менен камсыз кылуу иштери уланарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек