Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 840тан ашуун адам тартылды

15.07.2026 | 19:13
Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 840тан ашуун адам тартылды — Новости Кыргызстана

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 15-июлда катталган селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, калыбына келтирүү иштерине жалпысынан 842 адам, 56 техника жана 18 мотопомпа тартылган.

Анын ичинде ӨКМдүн Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыктарынын райондук жана шаардык бөлүмдөрүнөн, ошондой эле Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 250 куткаруучу иш алып барууда.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев кырсык болгон жерде болуп, авариялык-калыбына келтирүү иштерин координациялоодо. Министр суу сордуруу, сел калдыктарын тазалоо жана чыгаруу, калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле сел каналдарын кеңейтүү жана тазалоо иштерин жеке көзөмөлүнө алды.

ӨКМ билдиргендей, учурда бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана Жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрү селдин кесепеттерин жоюу жана калкка жардам көрсөтүү иштерин ыкчам тартипте улантууда.

Scroll to Top