Бишкек мэриясы даракты бетондоп салган ижарачы менен келишимди бузатКурумдыдагы альпинисттерди издөө: кара түстөгү караандар таш болуп чыктыЕККУ ЖККУ менен өз ара аракеттенүүнү калыбына келтирүүгө ниеттенүүдө — Таалатбек МасадыковМыктыбек Оролбай уулу карьерасында биринчи жолу UFC 330 турниринде мөөнөтүнөн мурда жеңилдиИран Трамптын ниетин шылдыңдады: Ормузду твит менен басып алуу мүмкүн эмесКыргызстан менен Өзбекстан аймактарды алмашуу боюнча мындан аркы аракеттерди макулдашты
Улуу Британия социалдык тармактарда өспүрүмдөр үчүн түнкү чектөөлөрдү киргизет
15.07.2026 | 17:47

Улуу Британиянын Илим, инновациялар жана технологиялар министрлиги интернеттеги жашы жете элек колдонуучуларды коргоого багытталган жаңы чараларды жарыялады.
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, социалдык тармактар 16–17 жаштагы өспүрүмдөр үчүн саат 00:00дөн 06:00гө чейин автоматтык «коменданттык саатты» баштапкы жөндөө (по умолчанию) катары орнотууга тийиш. Мында колдонуучулар бул жөндөөлөрдү өздөрү өзгөртө алышат.
Мындан тышкары, платформалар тармакта узак убакыт болууга шарт түзгөн функцияларды, анын ичинде видеолорду автоматтык түрдө ойнотууну жана үзгүлтүксүз жекелештирилген сунуштар түрмөгүн (лентасын) баштапкы жөндөөдө өчүрүп коюуга милдеттүү болот.
Министр Лиз Кендалл билдиргендей, бул чаралар өспүрүмдөргө уйкуну жөнгө салууга, окууга көбүрөөк көңүл бурууга жана үй-бүлөсү, достору менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө жардам бериши керек.
Ошондой эле бийлик жасалма интеллекттин негизиндеги чат-ботторду иштеп чыгуучуларды 18 жашка чейинкилердин аларды күнүмдүк колдонуу убактысына чектөө киргизүүгө милдеттендирүүнү көздөп жатат.
Муну менен катар, Улуу Британиянын өкмөтү бийликтин баамында балдарга олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн болгон чат-ботторго тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн карайт. Бул өзгөчө психикалык ден соолук жаатында кооптуу, жалган же текшерилбеген кеңештерди берген ботторго тиешелүү.