Душанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталуудаБишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөтПолитехникалык коллеж КМТУнун карамагына өткөрүлдүПашинян Жапаровду Казакстандын президенти деп жаңылыш атады — протокол кызматынын башчысы иштен алынды
«Ысык-Көл» аэропортуна Ташкенттен биринчи түз каттам келди
15.07.2026 | 20:09

Бүгүн, 15-июлда, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкент — Тамчы — Ташкент багыты боюнча биринчи түз каттам тосуп алынды. Жаңы сезондук каттамды мамлекеттик «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы «Malva Tour» туроператору менен биргеликте аткарууда.
Уюштуруучулардын айтымында, биринчи каттамды тосуп алуу жайкы туристтик сезондун символдук окуясы болуп, Өзбекстандын тургундары жана коноктору үчүн Ысык-Көлдүн жээгине жетүүнүн дагы бир ыңгайлуу аба каттамын ачты.
Каттамдар жумасына бир жолу — шаршемби күндөрү аткарылат. Учуу убактысы болжол менен 1 саат 20 мүнөттү түзөт.