Сердар Бердымухамедов атасынын жолун жолдоп, Түркмөнстандын баатыры болду

Сердар Бердымухамедов атасынын жолун жолдоп, Түркмөнстандын баатыры болду

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын баатыры наамын алды. Бул тууралуу түркмөнстандык басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, ага наам Халк Маслахатынын (жогорку өкүлчүлүк орган) жыйынында тапшырылган. Сердар Бердымухамедовго Түркмөнстандын баатыры наамы улуттук көз карандысыздыктын негиздерин, өлкөнүн бейтараптуулук принциптерин бекемдөөгө, өлкөнүн өнүгүүсүнө, эл аралык аброюн чыңдоого кошкон салымы үчүн берилген.

Белгилей кетсек, Түркмөнстандын баатыры наамы жарандарга президенттин жарлыгы менен тапшырылат. Ал эми президентке аталган наам парламент (межлис) тарабынан ыйгарылат.

Сердар Бердымухамедов 2022-жылы март айында Түркмөнстандын президенти болгон. Ал — Түркмөнстандын мурдагы өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу. Гурбангулы Бердымухамедов да буга чейин эки жолу Түркмөнстандын баатыр наамын алган. Андан тышкары Гурбангулы Бердымухамедов — бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Учурда ал Халк Маслахатынын төрагасы кызматын ээлейт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>