Чүйдө велосипед уурдап жүргөн жигит видеого түшүп калган

Чүйдө велосипед уурдап жүргөн жигит видеого түшүп калган

Чүй облусунун Москва районунда велосипед уурдап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-августта милицияга 53 жаштагы жаран кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 18:00до белгисиз адамдар Александровка айылындагы «Нурислам» мечитинин короосунда турган 18 миң сомдук Galasy велосипедин уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 29 жаштагы А.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө аныктагандай, аталган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар болуп чыккан.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткардар болсо Москва райондук милициясына кайрылуусун суранат.

Иликтөө иштери уланууда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от ГУВД Чуйской области КР (@chuiguvd)

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>