Жашаган жери жок үч балалуу энеге жөлөк пул алууга жардам берилет

Жашаган жери жок үч балалуу энеге жөлөк пул алууга жардам берилет

Жашаган жери жок делген үч балалуу аялга жөлөк пул алууга жардам берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин социалдык тармактарда үч балалуу аял жашаган жери жок экендиги маалымдалган.

Бакай-Ата райондук башкармалыгынан билдиришкендей, 2023-жылдын август айында Н.Кубанычбековага багуучусунан ажырагандыгы боюнча жөлөк пул алуу үчүн кайрылууга жардам көрсөтүлүп, учурда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алууга жардам берилет.

«Башкармалык тарабынан үй-бүлөнү турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдар үчүн «Мээрим үйү» коомдук фондуна жайгаштыруу сунушталган, бирок аял баш тарткан», — деп айтылат маалыматта.

Ведомтсводон аталган үй-бүлөгө бир таанышы баш калкалоо үчүн батир сунуштаганын кошумчалады.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>