Шаарга кошулган айылдардын салыгы көтөрүлөбү? Мэрдин жообу

21.06.2024 | 11:39

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Бишкек шаарына кошулган айыл жана жаңы конуштардагы салык жана башка төлөмдөр өзгөрбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак” парламенттик фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында мэр Айбек Жунушалиев айтты.

Депутат Сүйүн Өмүрзаков ордо калаага кошулган 8 айыл аймагы, 2 айыл, 5 конуш жана 4 контурда салыктык төлөмдөр качан, канчага өзгөрөрүн сурады.

“Элдер кабатыр болуп жатат. Кыймылсыз мүлк жана башка салыктар канчага көбөйөт?”, – деди ал.

Айбек Жунушалиев мэрия жарым жыл анализ жүргүзүлөрүн белгиледи.

“Жыл аягына чейин эч бир төлөм өзгөрбөйт. Буга чейин канча төлөшсө, ошончо төлөй беришет. Муниципалдык төлөмдөрдүн тарифине дагы кошулбайт”, – деди ал.

Айбек Жунушалиевдин маалыматында, учурда Бишкекте 1,5 миллион адам жашайт. Аймагы кеңейгенден кийин шаардыктардын саны 2 миллионго жетет.

Scroll to Top