“Шайлоо комиссияларынын атайын фонддору” деген түшүнүктү жоюу сунушталды

“Шайлоо комиссияларынын атайын фонддору” деген түшүнүктү жоюу сунушталды

Бүгүн, 24-майдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Маалым болгондой, атайын фонддор түшүнүгү жана ченемдери болбогондуктан, “Шайлоо комиссияларынын атайын фонддору” деген түшүнүк бюджеттик мыйзамдарга шайкеш келбегенине байланыштуу, конституциялык мыйзамдын долбоорунда шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана төлөнө тургандыгын кароо менен бул түшүнүктү алып салуу сунушталууда.

Башкача айтканда, Бюджеттик кодексинин 105-беренесине ылайык шайлоо күрөөсүн атайын эсепке топтоо мүмкүн эмес. Буга байланыштуу «атайын» деген сөздү «депозит» деген сөзгө алмаштыруу демилгеленди.

Жыйында баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков  белгилегендей, мыйзам долбоору 2015-жылдын 27-ноябрындагы Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу алкагында даярдалган. Ага ылайык, талапкерлердин бардыгына каршы жарандардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо жана жүргүзүү тартибин аныктаган беренелер сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова Конституциялык палатанын чечими 2015-жылы кабыл алынгандыктан, бул мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштады. “Бүгүнкү күндө Конституциялык палатанын чечими иш жүзүндө аткарылды”, — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: шайлоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>