Акыйкатчы Кыргызстандын медреселеринде балдардын укуктары бузулганын аныктады — кенен маалыматДүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук спорт түрлөрү тууралуу роликтерди чыгардыЕвробиримдик «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетине киргизди — Улуттук банктын жообуИндия Кыргызстандын онкоборборуна жаңы Кобальт-60 булагын тапшырдыКыргызстанда дыйкандар үчүн резервде 4,3 млн литр дизелдик отун калды28-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +39°ка чейин жетет, айрым райондордо кыска мөөнөттүү жаан күтүлөт
Шайлоонун эртеси мектептер бир күнгө онлайн окууга өткөрүлөт
25.11.2021 | 17:41
Шайлоо участкалары жайгашкан билим берүү мекемелери шайлоонун эртеси бир күнгө жабылат. Бул күн ичинде санитардык тазалоо иштери жүрөт. Мындай маалыматты Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Буга байланыштуу дүйшөмбү күнү, 29-ноябрда участкалык шайлоо комиссиялары убактылуу жайгашкан билим берүү уюмдары онлайн окутууга өткөрүлөт. Калгандары кадимкидей, салттуу форматта иштей беришет.
Билим берүү министрлиги коомчулукту окуу процесси тууралуу такталбаган маалыматтарды таркатпоого жана расмий маалыматка гана таянууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом