Алматыдагы Kanye West’тин концертине билеттер дүйнө жүзүндөгү күйөрмандар үчүн жеткиликтүү болду

Алматыдагы YE (Kanye West) концертинин уюштуруучулары билеттерди эркин сатууну баштап, аларды ар кайсы өлкөлөрдөн келген кардарлар, анын ичинде эл аралык банк карталарынын ээлери үчүн жеткиликтүү кылышты.
Билеттерди Ticketon.kz сайтынан сатып алууга боло турганы такталды.
Уюштуруучулардын айтымында, негизги сатууну пландалган мөөнөттөн эрте баштоо чечими артисттин күйөрмандары тарабынан суроо-талаптын жогору болгондугуна байланыштуу кабыл алынган.
«Freedom SuperApp тиркемесинде эксклюзивдүү алдын ала сатуунун биринчи күнүндө эле бардык билеттердин 50%га жакыны сатылып кетти. Буга байланыштуу билеттерди сатып алууга мүмкүн болушунча кеңири аудитория үчүн жол ачуу чечими кабыл алынды. Эми билеттерди бардык каалоочулар, анын ичинде эл аралык банк карталарын колдонгон башка өлкөлөрдүн көрүүчүлөрү да сатып ала алышат», — деп айтылат маалыматта.
Алдын ала сатуу 21-июлда Алматы убактысы боюнча саат 12:00дө башталып, дароо чоң ажиотаж жаратканы белгиленет. Сатуу ачылгандан кийинки алгачкы мүнөттөрдө тиркемеде бир эле учурда миңдеген колдонуучулар болгон, ал эми баасы боюнча эң жеткиликтүү болгон билет категориялары бир нече мүнөттүн ичинде толугу менен сатылып кеткен.
«Алып сатарлар тарабынан билеттерди массалык түрдө сатып алуунун алдын алуу үчүн чектөө киргизилди — бир адамга төрттөн ашык билет берилбейт. Мындай чара артисттин көбүрөөк күйөрмандарына билеттерди экинчи рыноктон эмес, өз алдынча сатып алууга мүмкүндүк берет», — деп баса белгиленет маалыматта.
Буйрутманы ийгиликтүү жол-жоболоштурган сатып алуучулардын электрондук почтасына сатып алгандыгын ырастаган ваучер жөнөтүлөрү такталды. Концертке кирүү үчүн уникалдуу QR-коду бар билеттин өзү иш-чара башталардан 24 саат мурун — 13-августта жөнөтүлөт.
«Эгерде ваучер келбесе, уюштуруучулар "Спам" папкасын, ошондой эле Freedom Афиша тиркемесиндеги же Ticketon.kz сайтындагы "Менин билеттерим" бөлүмүн текшерүүнү сунушташат. Пайда болгон суроолор боюнча сервистин колдоо кызматына кайрылууга болот», — деп айтылат маалыматта.