Акыйкатчы Кыргызстандын медреселеринде балдардын укуктары бузулганын аныктады — кенен маалымат

КР Акыйкатчысы Жамила Жаманбаева диний окуу жайларда билим алгандардын укуктарынын бузулушуна тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчынын баяндамасында айтылат.
Өлкөнүн башкы укук коргоочусунун маалыматы боюнча, 2025-жылы Акыйкатчы институту Кыргызстандын жети облусундагы 21 медресеге мониторинг жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө тарбиялануучулардын жашоо шарттары, окуу процессинин уюштурулушу жана мекемелердин ишмердүүлүгү изилденген.
Мониторингдин жыйынтыгында медреселердин көбүндө уставдык жана каттоо документтери жок экени, окуу программалары мамлекеттик билим берүү стандарттарына жооп бербей турганы, медициналык тейлөө талаптары сакталбагандыгы, санитардык-гигиеналык нормалар жана өрт коопсуздугунун эрежелери бузулгандыгы аныкталган.
Мындан тышкары, көпчүлүк медреселер юридикалык дареги боюнча иштебейт, окуучулар менен келишимдер түзүлбөйт жана окуу акысынын ачыктыгы жок.
Белгиленгендей, көптөгөн медреселерде диний гана сабактар өтүлөт, ал эми балдар мамлекеттик стандарттар боюнча светтик билимди онлайн форматта алышат.
«Мухаммед Амиин» медресесинде жашы жете элек баланы окууга кабыл алуу фактысы аныкталган, бул КРнын «Тутунуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамынын талаптарына карама-каршы келет. Жал айылындагы «Заман Шамы» медресесинде текшерүү учурунда ашпозчу жок болгондуктан, окуучулар кезек менен тамак жасап жатышкандыгы, ал эми тамак-аш сакталган кампа санитардык талаптарга жооп бербестиги белгилүү болду.
Анонимдүү анкета толтуруунун жыйынтыгында окуучулардын көбү светтик билим берүү программасы боюнча билим алышпай турганын билдиришкен. Мындан тышкары, көбү зомбулукту алдын алуу чаралары жана мамлекеттик органдарга кайрылуу тартиби жөнүндө билишпейт. Суралгандардын көбү медреселерде дары-дармектердин жоктугун жана окуу жайларды медициналык кызматкерлер менен камсыздоо зарылдыгын белгилешкен.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Жаманбаева КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына (КМДБ), Башкы прокуратурага жана Саламаттык сактоо министрлигине сунуштамаларды жөнөттү.
Акыйкатчы медреселердин жана анда окугандардын бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүүнү, окуу программаларын мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкеш келтирүүнү, жашы жете электердин светтик жана кесиптик билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүүнү, ошондой эле медреселердин ишмердүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүүнү сунуштады.
Дин иштери боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштер жүрүп жатат, ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жазуу жүзүндө эскертүү берилди.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Акыйкатчынын сунуштарынын негизинде 28 прокурордук чара көрүү актысы кабыл алынды. Аларды кароонун жыйынтыгында тогуз кызмат адам тартиптик жоопкерчиликке тартылды.