Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралууда
Иран Каспий деңизиндеги кемеге жасалган сокку үчүн Киевге жооп кайтарарын эскертти
27.07.2026 | 11:18

Fars агенттиги билдиргендей, Иран парламентинин биринчи вице-спикери Али Никзад Тегеран 25-июлда Каспий деңизиндеги ирандык соода кемесине жасалган чабуулга жооп кайтарарын билдирди. Анын айтымында, бул чабуулга Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн тиешеси бар.
Али Никзад кошумчалагандай, Иранга каршы кайсы аймактан агрессия жасалбасын, ал өлкөнүн куралдуу күчтөрү үчүн мыйзамдуу бутага айланат. Ал украин бийлигинин аракеттерин алысты көрө албагандык деп атап, бул аракеттер кесепетсиз калбай турганын баса белгиледи.
Ирандык ЖМКлардын маалыматына караганда, соккунун натыйжасында кемеде жарылуу болгон, ал эми 26-июлда Ирандын Тышкы иштер министрлиги деңизчилердин бири каза болгону тууралуу маалыматты тастыктады.