28-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +39°ка чейин жетет, айрым райондордо кыска мөөнөттүү жаан күтүлөт
Бүгүн, 28-июлда Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.

Ош облусунун дыйканчылык аймагында жана өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөйт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20°, күндүз +31…+36°;
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +21…+26°;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16°, күндүз +29…+34°;
- Баткен облусунун дыйканчылык аймагында түнкүсүн +21…+26°, күндүз +34…+39°;
- Ош жана Жалал-Абад облустарынын өрөөндүү аймактарында түнкүсүн +21…+26°, күндүз +34…+39°;
- Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймагында түнкүсүн +11…+16°, күндүз +24…+29°;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймагында түнкүсүн +8…+13°, күндүз +27…+32°;
- Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…+5°, күндүз +8…+13°.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, күндүз 14 метрге чейин күчөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19°, күндүз +33…+35° болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16°, күндүз +24…+26° болот.