Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук спорт түрлөрү тууралуу роликтерди чыгарды

28.07.2026 | 10:58
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук спорт түрлөрү тууралуу роликтерди чыгарды — Новости Кыргызстана

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына жана көчмөн элдердин салттуу спорт түрлөрүнө арналган «Кыймылдагы мурас» аттуу видеороликтер сериясын сунуштады.

Уюмдун маалыматына ылайык, кылымдар бою ар кандай мелдештер көчмөндөрдүн күнүмдүк турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп келген. Алар аңчылыкка, узак көчтөргө, үй-бүлөнү коргоого жана катаал жаратылыш шарттарына туруштук берүүгө зарыл болгон тактыкты, ылдамдыкты, күчтү, чыдамкайлыкты, сабырдуулукту жана биргелешип аракеттенүү жөндөмүн өнүктүргөн.

Дал ушул сапаттар үч роликтин негизин түздү. «Тактык» ролиги Ордо жана Салбуурунга арналса, «Ылдамдык» ролигинде Тыйын эңмей, Көк бөрү, ат чабыш жана Эр эңиш көрсөтүлгөн. Ал эми «Күч» ролигинде улуттук күрөш түрлөрү, мас-рестлинг (таяк тартыш), аркан тартыш жана балбандардын күч сынашуусу чагылдырылган.

Ар бир роликте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген салттуу спорт түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү кыскача визуалдык форматта көрсөтүлүп, көчмөн турмуштун негизинде калыптанган сапаттар мүнөздүү кыймылдар, ыкмалар жана образдар аркылуу берилген.

Сериянын алгачкы видеосу «Тактык» ролиги болду. Анда Ордо жана Салбуурун элементтери камтылып, бул спорт түрлөрүнүн духу, тактык, стратегиялык ой жүгүртүү жана көчмөн элдердин кылымдарды карыткан салттары менен болгон байланышы чагылдырылган.

Scroll to Top