Каракол шаарында жапон маданиятынын күндөрү өтөт«Өмүр менен өлүмдүн ортосунда»: Эдуард Кубатов — К2, Эверест жана элес тууралууСурабалдиева депутаттарга орой мамиле кылган чиновниктерге нааразы болдуКыргызстанда жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөтБишкекте курулуш люлькасынын кулашы: компанияга 200 миң сом айып салындыМинистрлер кабинети 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыгын чыгарды
Шантаж кылып, зордуктаган. Бишкекте ЖКККББнын тескөөчүсү кармалды
30.11.2025 | 21:49
Бишкекте бир нече зордуктоого шектелип, 37 жаштагы Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Reporter.kgге күч түзүмдөрүндөгү булак билдирди.
Маалыматка караганда, тескөөчү бүгүн, 30-ноябрда кармалган. Акыркы зордуктоо, алдын ала маалыматтарга ылайык, кечээ түнү Орок айылында болгон. Ал караңгы, киши жок жерлерге токтоп турган жана ичинде жыныстык катнаш болуп жаткан автоунааларды видеого тартып, шантаж кылып турганы белгилүү болгон.
Булактын маалыматына ылайык, кечээ түнү тескөөчү дагы бир жолу жыныстык катнашты видеого тартып, жигитти дүкөнгө жөнөтүп, кызды өзү менен калтырган. Ошол учурда ал кызды зордуктаган. Укук коргоо органдары аны жок дегенде эки кызды зордуктоого шектүү деп эсептешүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар