Шаршенбеков: Олимпиаданын көп жолку чемпиону болуу максатым бар (видео)

Шаршенбеков: Олимпиаданын көп жолку чемпиону болуу максатым бар (видео)

Дүйнөлүк күрөш уюму кыргызстандык грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков тууралуу даярдаган видеосун жарыялады. Аталган видео быйыл апрелде Бишкекте өткөн Азия биринчилигинин алдында тартылган.

Шаршенбеков Дүйнөлүк күрөш уюмуна курган маегинде Олимпиаданын, дүйнөнүн жана Азиянын көп жолу чемпиону болуу максаты бар экенин айткан.

«Агайларыбыз менен бирге иштеп, эмгектин артынан дүйнөнүн эки жолку чемпиону болдук. Мен өзүмдүн келечегим үчүн күрөшүп жатам. Кичинекей кезимден бери Олимпиаданын, дүйнөнүн, Азиянын көп жолу чемпиону болом деген максатым бар. Ал максаттарыма толугу менен жете элекмин. Бул максаттарыма жетмейинче аракет кыла берем», — дейт ал.

Ошондой эле ал чоңдор арасында күрөшө баштаганда, дүйнө жана Азия чемпионаттарында экинчи орунга татып, чемпион боло албай калганы, аны чыйралтып, талыкпай эмгектенүүгө түрткү бергенин белгилеген.

Жоламан Шаршенбеков — Кыргызстандын күрөшүнүн тарыхында чоң ийгиликтерди жараткан балбан. Ал дүйнөнүн эки жолку чемпиону, эки ирет күмүш байгесин уткан. Азия оюндарынын жеңүүчүсү, Азиянын үч жолку чемпиону жана 2 ирет күмүш тагынган. Андан тышкары бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>