Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келди
Шаршенбеков Польшадагы мелдештин финалына чыкты
20.06.2024 | 18:13
Балбан Жоламан Шаршенбеков Польшада өтүп жаткан Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинин финалына чыкты.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта күрөшүүдө. Бул мелдешке катышкан балбандар аз болгондуктан, спортчулар эки топко бөлүнүп беттештерди өткөрдү.
Жоламан Шаршенбеков өз тобунда биринчи орунду ээлеп, финалга чыкты.
Эми алтын үчүн украиналык Никита Дементьев менен кез келет. Финалдык беттештер саат 22:00до башталат.
Эскерте кетсек, ушул эле мелдеште 67 кг салмакта эки кыргыз балбан – Амантур Исмаилов менен Разак Бейшекеев да финалга өтүп, алтын үчүн бири-бири менен беттеш өткөрө турган болгон.
https://reporter.kg/polshadagy-meldesh-eki-kyrgyz-balban-finalda-kezige-turgan-boldu/