Кыргызстан менен Орусия эт азыктарын жеткирүү чөйрөсүндө кызматташуу боюнча макулдашты

4-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПМЭФ-2026) аянтчасында Кыргызстан менен РФтин Омск облусу эт азыктарын жеткирүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Жетишилген макулдашуулар эт тармагын биргелешип өнүктүрүүгө жана республикага этти үзгүлтүксүз жеткирүүнү уюштурууга багытталган.
Форумдун алкагында ошондой эле Кыргызстандын Улуттук стендинин салтанаттуу ачылышы болуп, ага Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты. Аянтчада КРдин айыл чарбасы, кайра иштетүү өнөр жайы, гидроэнергетика, туризм жана транспорттук инфраструктура чөйрөсүндөгү негизги инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Амангелдиев республиканын ПМЭФ-2026га катышуусу өлкөнүн экономикалык дипломатиясында жаңы этапты ачарын жана ири чет өлкөлүк капиталды тартууга жардам берерин баса белгиледи. Стенддин иши кыргызстандык экспорттоочулар менен чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түз B2B байланыштарды жолго коюуга буга чейин эле мүмкүндүк берди.