Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарга кар көчкү түшүүсү мүмкүн
12.12.2025 | 15:25
13-декабрдан 15-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ошондой эле төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болуусу күтүлүүдө:
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда,
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында,
- Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 40-90 чакырымдарында,
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда,
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда.
Мындан улам жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом