Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
Шашылыш билдирүү: 1-3-апрелде үшүк жүрөт
30.03.2023 | 14:25
Кыргызстанда 1-3-апрелде айрым облустарда үшүк жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында 1-3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен абанын температурасы 0…-2° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Ошондой эле, 2-3-апрелдерде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
“Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет”, – деп билдирет министрлик.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом