Казакстандан мыйзамсыз күйүүчү май ташыган 36 унаа аныкталды — видео

Казакстандан мыйзамсыз күйүүчү май ташыган 36 унаа аныкталды — видео

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз күйүүчү май ташыган унаалар аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы 36 унаа аныкталып, анын 29у жеңил унаа.

“Бүгүн, 30-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кошумча күйүүчү май бактары орнотулган жети жүргүнчү автобус алып келинген. Автобустар дизелдик кыймылдаткычтар менен жабдылган, бирок май куюучу бактарында бензин табылган. Жалпысынан контрабандалык 23 тонна күйүүчү май аныкталган”, — деп айтылат маалыматта.

Автобустарда контрабандалык күйүүчү майларды ташууга мүмкүндүк берүүчү автономдук өчүргүчтөр орнотулган.

Унаалар убактылуу токтотуучу айып кароо жайына токтотулуп, айдоочуларга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык (5500 сом) айып салынган.

Чогултулган материалдар тергөө кызматы тарабынан маалыматты каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>