Шашылыш билдирүү: 40 градуска чейин ысыйт

Шашылыш билдирүү: 40 градуска чейин ысыйт

28-30-июндарда ысык аба-ырайы күтүлөт, абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин жогорулашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 Маалыматка караганда,  адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Жарандарды катуу ысыктан сактанууга чакырат.

+39°. 29-июнга карата аба ырайы

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>