Катуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
Шашылыш билдирүү: Кар көчкү, шамал, жамгыр
12.04.2022 | 09:32
12-апрель күнү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткү түшүүсү күтүлүүдө. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чак. (Төө-Ашуу ашуусу),
- 198-255 чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Бишкек-Нарын-Торугарт 289-305 чак. (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы),
- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 60-94 чак. (Кара-Гөө ашуусу),
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 65-90 чак. (Чон-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, айрым жерлерде жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кээ бир райондордо өткүн өтүп күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар