Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Шашылыш билдирүү: Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүүcү күтүлүүдө
18.04.2025 | 11:22
18-20 – апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ шашылыш билдирди.
Маалыматта айтылгандай, өлкөнүн тоолуу райондорунда да кар көчкүнүн түшүүсү күтүлөт.
Ошондой эле бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл сакталышы керектигин эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом