Шектүүлөрдү электрондук билерик менен көзөмөлдөө пландалууда

Шектүүлөрдү электрондук билерик менен көзөмөлдөө пландалууда

Жогорку Кеңештин 29-июнундагы жыйынында «Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам  долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун юстиция министри Аяз Баетов тааныштырды.

Ал белгилегендей Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине бөгөт коюу чарасынын жаңы түрүн, электрондук жана башка техникалык контролдоо каражаттарын колдонуу аркылуу электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү бөгөт коюу чарасы катары киргизүү сунушталууда.

Электрондук билериктерди колдонуу бөгөт коюу чараларынын салттуу формалары менен бирдей болгон натыйжалуу жана үнөмдүү альтернатива, ошондой эле камакка алуу жана тергөө изоляторуна жайгаштыруунун дагы бир альтернативасы болушу мүмкүн.

“Мыйзам боюнча үй камагы, сыртка чыкпоо тил каты, күрөө жана камакка алуу бөгөт чаралары бар. Ошого кошумча электрондук көзөмөлдөөнү сунуштап жатабыз. Соттун чечими менен абакта эмес, электрондук билерик киргизүү менен эркиндикте көзөмөлдөйбүз”, — деди министр Аяз Баетов.

Анын айтымында, электрондук байкоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы ыйгарым укуктуу органга айыпталуучунун кыймылын жана тергөө, прокурор, судья жана сот тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, ошондой эле айыпталуучуга өзүнүн ишин жана күнүмдүк жашоосун улантууга мүмкүнчүлүк берет.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>