Москвада мигранттар мушташты. Кыргызстандыктарга кандай жаза берилди?

Москвада мигранттар мушташты. Кыргызстандыктарга кандай жаза берилди?

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвадагы Кыргызстандын жана башка өлкөнүн жарандарынын катышуусунда болгон массалык мушташ тууралуу үн катты.

Элчилик билдиргендей, 26-июнда иш учурунда буйрутма аткаруучу компаниялардын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, мушташ болгон. Ага 10 адам катышкан.

«Жыйынтыгында соттун чечими менен чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден 5,5 миң рублга чейин айып пул салынып, Тажикстандын 5 жаранына карата 7 күнгө административдик камакка алуу, ошондой эле, 7 чет өлкөлүк жаранга карата өлкөнүн чегинен административдик чыгаруу чечими чыгарылды: Өзбекстандын 1 жараны, Тажикстандын 3 жараны жана Кыргыздын 3 жараны. Мындан тышкары, Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 1-бөлүгү (Атайылап ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон», — деп айтылат маалыматта.

Элчилик Кыргызстандын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында окуянын жагдайларын аныктап жатканын билдирди.

Ошондой эле, элчилик Россиядагы Кыргызстандын жарандарын уруксатсыз массалык иш-чараларга, мушташтарга жана ар кандай чыр-чатактарга катышпоого чакырат.

Эскерте кетсек, буга чейин Baza Telegram-каналы жазгандай, Москвада Кыргызстан, Россия, Беларусь жана Тажикстандын жумушчуларынын ортосунда мушташ болгон, ага болжол менен 18 адам катышкан. Мушташ учурунда башына жыгач менен сокку жеген жаран катуу жаракат алып, ооруканага түшкөн.

Милиция окуяга катышкандарды кармаган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>