Нарын облусунда мыйзамсыз балык уулаган Кытай жарандары Кыргызстандан чыгарылды

Нарын облусунун Арпа өрөөнүндө мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен кармалган Кытай жарандарына айып пул салынып, Кыргызстандын аймагынан чыгарылды.
Буга чейин социалдык тармактарда чет өлкөлүктөр Арпа өрөөнүндө мыйзамсыз балык уулап жаткандыгы тууралуу видео тараган. Видео жарыялангандан кийин Ат-Башы РИИБдин кызматкерлери текшерүү жүргүзүштү.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзам бузуучулардын өздүгү аныкталган. Белгилүү болгондой, алар унаасынын мамлекеттик номерлерин чечип, кузовундагы жазууларды өчүрүү менен жашырынууга аракет кылышкан. Унаа айып короосуна токтотулуп, ал эми чет өлкөлүктөр Ат-Башы РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.
Тармактык мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында КЭРдин жарандарынын аракеттерине укуктук баа берилди. Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн аларга айып пул салынып, Кыргызстандын аймагынан чыгарылышты.