Штаб: «COVID-19 оорусун жуктурган дарыгерлерге компенсация төлөнөт

Штаб: «COVID-19 оорусун жуктурган дарыгерлерге компенсация төлөнөт

«COVID-19 оорусун жуктурган дарыгерлердин саны 19 түздү. Алардын бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп, ооруканаларда жайгашты. Мындай маалыматты бүгүн, 7-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, жаңы жуктурган 12 бейтаптып жетөөсү – дарыгерлер, бардыгы байланышта болгондор.

“Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат. Кенемтенин суммасын комиссия аныктайт – бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм учуру катталса, башка кенемте каралат”, — деди Абдикаримов.

Өзгөчө абал учурунда дарыгерлердин макамы тууралуу мыйзам Жогорку Кеӊешке кароого киргизилет жана алар тез арада оӊдоолорду киргизүүгө даяр экенин кошумчалады министр.

2020-жылдын 7-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 228 түздү. Алардын ичинен:
Бишкек – 25
Жалал-Абад облусунда – 80
Ош облусунда – 86
Ош ш. – 20
Баткен облусунда – 4
Нарын облусунда – 5
Ысык-Көл облусунда – 3
Чүй облусунда – 5

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>