Шылуундар 90 жаштагы кемпирди алдап, 32 млн долларын алып кеткен

Шылуундар 90 жаштагы кемпирди алдап, 32 млн долларын алып кеткен

Гонконгдо 90 жаштагы кемпир өздөрүн Кытайдын чиновниктерибиз деп тааныштырган телефон шылуундарына 32 миллион доллар алдатып жиберген. Бул туралуу South china Morning Post басылмасы жазды.

Кол салгандар өздөрүн Кытайдын коомдук коопсуздук кызматкери кылып көрсөтүшүп, улгайган миллионерге анын жеке маалыматтары Кытайдын материк аймагында кылмыш жасоо үчүн колдонулган деп кабарлашкан. Шылуундар аялдан анын мүлкүнун келип чыгышын текшерүү үчүн, тергөөчүлөргө таандык делген банктык эсептерге каражаттарды которууну суранышкан.

Бул окуя Гонконгдо катталган эң ири телефон аркылуу алдамчылыкка баруу болду. Маалыматка ылайык, полиция кылмышка тиешеси бар деген айып менен 19 жаштагы студентти камакка алган. Ошондой эле, алар 1,16 миллион доллар калган банк эсептерин тоңдурууга жетишти, шылуудар акчанын калган бөлүгүн алып кетүүгө жетишти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>