Соцфонд 1-июлда кимдердин пенсиясын көтөрө турганын айтты

Соцфонд 1-июлда кимдердин пенсиясын көтөрө турганын айтты

Белгилүү болгондой, 22-майда президент Садыр Жапаров 1-октябрдан тарта өлкөдөгү пенсия 6,8 миң сомдон кем болбой турганын кабарлады. Ал пенсия эки баскычта — 1-июлда жана 1-октябрда көтөрүлөрүн билдирди.

Бүгүн, 23-майда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйын өткөрүп, 1-июлда жана 1-октябрда кимдердин пенсиясы көтөрүлөрү тууралуу түшүндүрмө берди.

Алиевдин айтымында, учурда Кыргызстанда 779 миң пенсионер бар. Алардын ичинен 80 миңге жакыны пенсиясынын базалык бөлүгүн аз алып келет. Аталган жарандар пенсияга аз стаж менен чыккандар.

Пенсиянын базалык бөлүгү мамлекет тарабынан төлөнөт. Бүгүнкү күнү ал 3 миң 170 сомду түзөт. 3 миң 170 сомду минималдык эмгек стажы 20 жыл болгон аялдар жана 25 жыл болгон эркектер алат. Бирок стажы 5 жыл болуп калган аялдарга пенсиянын базалык бөлүгү 792,5 өлчөмүндө төлөнөт. Эми 1-июлдан кийин пенсиянын базалык бөлүгү 3 миң 170 сомго жетпегендерге акча кошулат.

«1-июлдан тарта биз бардык пенсионердин пенсиянын базалык бөлүгүн теңейбиз. Ошентип 1-июлдан тарта 3,5 миң сомдон төмөн пенсия болбойт. Ал эми 1-октябрдан тарта бардык пенсионерлердин пенсия көтөрүлөт. 1-октябрдан кийин 6,9 миң сомдон ылдый пенсия болбойт», — деди ал.

Алиев билдиргендей, 1-октябрга карата өлкөдө пенсионерлердин саны 787 минге жетет деп болжолдонууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>