Бүгүн пенсия көтөрүлдү. Пенсионерлер акчасын качан колго алары айтылды

Бүгүн пенсия көтөрүлдү. Пенсионерлер акчасын качан колго алары айтылды

Бүгүн, 1-октябрда Кыргызстанда пенсия көтөрүлдү. Тагырагы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га, кеминде 500 сомго көтөрүлүүдө.

Буга чейин Социалдык фонд 30 миң сомго чейин пенсия алган жарандардын пенсиясы көтөрүлөрү тууралуу кабарлаган. Ошондо пенсиясы аз жарандарга кеминде 500 сом жана 30 миң алгандарга 11,4 миң сомдой акча кошулат. Жыйынтыгында өлкөдөгү орточо пенсия 9 миң 354 сомду түзүп калат. Бирок муну өлкөдөгү эн аз пенсия 9 миң сомдон ашат деп түшүнбөө керек. Себеби учурда (пенсия көтөрүлгөнгө чейин) Кыргызстанда 210 миңден ашык адам 5 миң сомго жетпеген пенсия алып келет. Алардын арасынан 12 миңден ашык кишиге 2 миң сомго чейинки пенсия берилет.

Reporter.kg’ге 1-октябрда пенсия көтөрүлгөндөн кийин пенсионерлер акчаларын качан колго аларын Социалдык фонддон билди.

Социалдык фонддон билдиришкендей, көбөйтүлгөн пенсия 10-октярдан тарта бериле баштап, 10-12-октябрда Бишкек, Ош шаарларында, Чүйдүн жакынкы айылдарында жашаган пенсионерлер акчасын колго алып калат. Ал эми калган аймактагылар, анын ичинде алыска айылдарда жашагандарга пенсиясы 18-октябрга чейин тиет.

Белгилей кетсек, ар бир жарандын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү убагында канча камсыздандыруу төгүмүн чегергенине жараша аз же көп болот. Пенсияга кошумча акча камсыздандыруу бөлүгүнө жараша көбөйтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>