Соцфондго бир келип 18 млн сом төккөндөр бар. Жеңилдик барбы?

Соцфондго бир келип 18 млн сом төккөндөр бар. Жеңилдик барбы?

Эгерде ыктыярдуу жеке компаниялар 27 пайыз менен пенсиялык фондго төлөй берсе болобу?  Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиевге берди.

Ыктыярдуу түрдө пенсиялык фондго төлөөчүлөр болот да. Мисалы, кээ бирлери 8 млн сомдон 30 млн сомго чейин 27 пайызга чейин төлөгөн компаниялар бар. Ошолор жазылбай калыптыр да, бул жерде бир гана мамлекеттик жана аукционердик коомдордун 50 пайызы мамлекеттик бюджетте болгон деп жазылыптыр? Эгерде ыктыярдуу жеке компаниялар 27 пайыз менен пенсиялык фондго төлөй берсе болобу?”— деп суроо салды эл өкүлү.

Ал эми Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев эч кандай пайыздык чени жок төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

“Ыктыярдуу төлөөчүлөр бар. Бир адам келип 18 млн сомго чейин төгүп кеткен учурлар болгон. 14-16 млн сомдон төккөндөр да бар. Аларга эч кандай пайыздык чен коюлбайт. Канча кааласа, ошончо төлөй берет. Ага карата камсыздандыруу да болот жана пенсиясы чегерилет”— деди Алиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>