Эл аралык издөөдөгү эки кыргыз жараны Польшадан кармалды

Эл аралык издөөдөгү эки кыргыз жараны Польшадан кармалды

Кыргызстандын ички иштер министрлигинин Интерпол улуттук борбордук бюросунун өтүнүчү менен 2017-жылдан бери издөөдө жүрүшкөн Кыргызстандын эки жараны атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын негизинде Польшада кармалды. Биринчиси, Сириядагы куралдуу кагылышууларга катышкан жана экинчиси Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мекемелеринен  качып жүргөн. Бул туурасында аталган министрликтен билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылы ИИМдин Интерпол УББнын кызматкерлери тарабынан, эл аралык издөөдө жүргөн 45 адам кармалган, анын ичинен 14 адам чет өлкөлөрдө, 31адам Кыргызстанда болгон.

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагынан Интерпол багытында издөө иштери жүргүзүлүп уурдалган 10 унаа табылган, ошондой эле, 6 жараксыз айдоочулук күбөлүк жана 1 жасалма паспорт аныкталган.

ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу Интерполго мүчө 195 өлкөнүн ичинен 50 мамлекет менен үзгүлтүксүз кызматташып келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>