«Социал -демократтар» Атамбаевдин шайлоого катышуусу тууралуу айтышты

«Социал -демократтар» Атамбаевдин шайлоого катышуусу тууралуу айтышты

Экс -президент Алмазбек Атамбаев шайлоодо “Социал-демократтар” партиясынын ишенимдүү өкүлдөрүнүн тизмесин жетектейт. Бул тууралуу саясий бирикменин лидери Темирлан Султанбеков билдирди.

«Туура эмес чечмелөөдөн качуу, ошондой эле конструктивдүү альтернативдүү саясий күн тартибин ырастоо каалоосу менен КРнын экс-президентинин катышуусундагы өлкө жетекчилигинин кээ бир коркунучтарын эске алуу менен, Алмазбек Шаршенович Атамбаев алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышуудан баш тартууну чечти, бирок Алмазбек Атамбаев партиянын ишенимдүү адамдарынын тизмесин жетектейт.

Ошол эле учурда парламенттик шайлоого катышуу үчүн партиялык тизме “Социал –демократтар” партиясынын төрагасынын орун басары, Бишкек шаардык кеңештеги фракциянын лидери Кадырбек Атамбаев тарабынан жетектелет», — деди ал.

Султанбеков партиялык тизмеге азыркы депутаттар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, жарандык активисттер, экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча мыкты адистер, ишкерлер, муниципалдык жетекчилер, журналисттер, юристтер жана башка көрүнүктүү ишмерлер кирээрине ишендирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>