Соцтармактагы материалы үчүн 28 жаштагы жаран кармалды

Соцтармактагы материалы үчүн 28 жаштагы жаран кармалды

Баткенде социалдык тармактар аркылуу диний экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 28 жаштагы О.М. аттуу жаран Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Экстремист» операциясынын жүрүшүндө кармалган.

Аталган жарандын социалдык тармагындагы баракчасына кароо жүргүзүлүп, андагы аудио материалдар көчүрүлүп алынып, экспертизага жөнөтүлгөн.

Жыйынтыгында алынган материалдар Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” Аль-Исламий диний экстремисттик уюмдарына таандык экендиги аныкталган.

Жогорудагылардын негизинде кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>