Сокулукта өспүрүм кызды зордуктап жүргөн өгөй ата кармалды

Сокулукта өспүрүм кызды зордуктап жүргөн өгөй ата кармалды

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-майда Сокулук райондук милициясына жергиликтүү аял арыз менен кайрылып, анда ал жээнинин күйөөсүнө чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, ал 2008-жылы туулган өгөй кызын бир нече жылдан бери зордуктап келгенин билдирген.

Аял бул тууралуу жээни 3-майда кызын анын үйүнө калтырып кеткенде билген. Кыз бир нече жылдан бери өгөй атасы аны зордуктап келгенин айткан.

Бул факт КРнын Кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча катталып, 1987-жылы туулган С.А., аттуу шектүү жаран кармалган. Ал көрсөтмө берүү учурунда күнөөсүн мойнуна алып, өспүрүмдүн макулдугу менен жыныстык катнашта болгонун билдирген.

Шектүү жаран милициянын убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Буга чейин Reporter.kg ыдыкка учураган кыз-келиндердин окуяларын жарыялаган. 

Тэги: Зордуктоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>