Сокулукта үч адис жүгөрүнү үч башка ыкма менен өстүрүп көрүшөт

02.05.2025 | 13:58

Чүй облусунун Сокулук районунда айыл чарба тармагындагы үч адис жүгөрү өстүрүү боюнча жарышка түшүштү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, таймашта 3 адис өз тажрыйбаларына таянып жүгөрү сээп, аны өз ыкмаларынын негизинде өстүрүп, түшүмдөрүнүн жыйынтыгын салыштырышат.

Биринчи фермер – “Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институтунун” адиси. Ал жерди эски, салттык (жер семирткичтерди колдонуу, арыктан суугаруу) ыкма менен иштетет.

Экинчи адис Кореядан келген ишкер-дыйкан жүгөрүнүн 3 сортун сээп, Кореяда кеңири колдонгон ыкма менен өстүрөт.

Ал эми үчүнчү адис – “Агрохимия” ишканасынын жаш агроном кызматкери. Жаш адис жерди жаңы ыкма менен иштетип, жүгөрүнү өстүрүүдө тамчылатып сугарууну колдонуп, Чүй облусуна ыңгайлашкан жүгөрүнүн сортторун колдонот.

“Үч адистин сыноо-таймашы министрликтин тиешелүү адистеринин көзөмөлүндө болуп, анын жыйынтыгы күз мезгилинде белгилүү болот. Ошого жараша жакынкы келечекте жүгөрүнү кайсыл ыкма менен өстүрүү сарамжалдуу жана кирешелүү экендиги аныкталат”, – деп билдирди министрлик.

Scroll to Top