Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырды
Сокулуктагы ири өрттөн жабыркаган төрт адамдын бири оор абалда
21.06.2023 | 09:53
Сокулук районунун Шопоков шаарындагы мунай базасында автоцистернанын жарылуусунан 4 адам жабыркады.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору билдиргендей, алардын бардыгы ар кандай даражадагы күйүк менен Сокулук районунун дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилген.
Жабырлануучулардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылган (экөө орточо, бирөө канааттандырарлык).
Бишкектен дарыгерлер бригадасы комбустиолог менен бирге санитардык тазалоого жөнөтүлдү.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом