Бишкекте милиционерди сүзүп кете жаздаган айдоочу кармалды (видео)

Бишкекте милиционерди сүзүп кете жаздаган айдоочу кармалды (видео)

Бишкекте №41 автобустун айдоочусу милиционерди сүзүп кете жаздады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, автобустун айдоочусу 1982-жылы туулган К.Д. жөө өтмөктөрдү жаңылоо иштери жазалып жаткан учурда жол белгилери менен белгиленип, жаңы краскаланган жерди тебелеп өткөн.

Ошол жерде кызматта турган милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери токтотконуна карабастан айдоочу жоопкерчиликтен качып кеткен.

Кийин автобус Чүй прстпектиси менен Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулуп, айдоочуга карата автоээнбаштык жана жол эрежесин бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 20 миң 500 сомго айып протоколдору толтурулган.

Белгиленгендей, автобус айып короого токтотулуп, айдоочунун кылган иш-аракетин мыйзамдуу териштирүү максатында тергөө кызматына жеткирилди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>