Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Кытай түрмөсүндөгү кыргызстандыктарды мекенине которуу сүйлөшүлдү
10.11.2023 | 14:19
Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кытайдын Башкы прокурору Ин Юн менен жолугушту. Бул тууралуу көзөмөл органынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кытайда түрдүү кылмыштар боюнча ар кандай мөөнөткө кесилген кыргызстандык жарандарды экстрадициялоо тууралуу пикир алмашуу болду.
2023-жылдын февраль айында Тышкы иштер министрлиги 1 миң 282 кыргыз жараны чет өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатканын кабарлаган.
Алардын көпчүлүгү, 1077 адам Россияда түрмөдө олтурат. Эркинен ажыратылган мигранттардын саны 2019-жылдан тарта кескин көбөйүп, жаш жигиттер баңги зат менен кармалып соттолуп кетип жатканы айтылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом