Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Караколдо айыл чарба багытындагы жерге мыйзамсыз курулган турак үй сүрдүрүлдү — кылмыш иши козголду
27.07.2026 | 11:04

Прокуратура жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Каракол шаарында мыйзамсыз курулган турак үйдү сүрдүрдү. Объект аянты 450 чарчы метр болгон айыл чарба багытындагы жер тилкесине укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтерсиз, ошондой эле жердин максаттуу багытын бузуу менен курулган.
Жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди. Жерди өз алдынча басып алуу жана мыйзамсыз курулуш фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.
Көзөмөл иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жерлерди мыйзамсыз өз алдынча басып алуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Генпрокуратура