Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Соодадагы ишкерлердин 98 пайызы салык режимин өзгөрттү
09.07.2024 | 17:46
Соода тармагында иштеген 82 миң 886 ишкер же 98%дан ашыгы башка салык режимдерине өтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Алардын 65 миң 745и бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандашкан, ал эми стратегиялык объекттерге киргизилген СБКнын базарлары “Дордой” жана “Тураталы эл базарында” (“Кара-Суу”) иштеген 17 миң 141 субъект өзгөчө салык режимине өтүштү.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып республикада патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика