Жогорку Кеңештин экс-төрагасынын макамын экс-президентке теңөө сунушталды

Жогорку Кеңештин экс-төрагасынын макамын экс-президентке теңөө сунушталды

Жогорку Кеңештин төрагасы ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин ага дагы “экс” макамын ыйгаруу сунушталууда. Бул тууралуу мыйзам долбоорун депутат Нуржигит Кадырбеков менен Замирбек Мамасадыков коомдук талкууга алып чыкты.

Алар “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдын 37-беренесине кошумча пункт киргизүүдө. Демилгечилердин пикиринде, долбоор парламенттин спикери кызматынын деңгээлин жогорулатат.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин жетекчиси “экс- төрага” наамына ээ болуп, аны өмүр бою сактайт. Ал акысыз медициналык тейлөөгө, дипломатиялык паспортун алууга,  аэропорттордун, темир жол вокзалдарынын жана бекеттеринин расмий адамдары жана делегациялары үчүн залдарды акысыз пайдаланууга укуктуу.

Айтмакчы бул укуктар “экс-төраганын жубайына” дагы берилет. Аялы бир гана дипломатиялык паспортко ээ боло албайт.

Парламенттин мурдагы төрагасы кайсы бир айып менен соттолсо гана макамын жоготот.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттерге гана «экс» макамы берилип, ага пенсия, мамлекеттик резиденциянын аймагынан турак жай, байланыш кызматтары көрсөтүлөт. Анын үй-бүлөсү бир гана бекер медициналык кароодон өтө алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>